Баткенде аялдардын эл аралык форуму өтүүдө (фото)








Бүгүн, 23-августта Баткен шаарында "Чек арага жакын жайгашкан аймакта тынчтыкты жана коопсуздукту сактоодогу аялдардын орду” аттуу III Эл аралык аялдар форуму өтүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Белгилүү болгондой, форумга бийлик өкүлдөрү, өлкө аймагынан чогулган мамлекеттик жана аскер кызматындагы айымдар, Өзбекстандан келген лидер айымдар катышууда.
Иш-чара республикалык жоокерлердин энелер комитетинин демилгеси менен уюштурулду. Максаты – тынчтыкты сактоодо жана жаралган көйгөйлөрдү чечүүдө аялдардын ролун жогорулатуу болуп саналат.
Форумдун жүрүшүндө чектеш аймактарда тынчтыкты сактоодогу аялдардын орду, кызматташуунун жаңы мейкиндиктери тууралуу докладдар окулуп, ой пикирлер ортого салынды.
Ошондой эле Баткен облусундагы аялдар кеңешинин, аскер кызматындагы аялдар кеңештеринин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди.
Форумга катышкан жетекчилер кыргыз айымдарынын акылдуу, кайраттуу жана эрктүү сапаттарын сыймыктануу менен белгилеп, бул форум аймактарда аялдардын активдүүлүгүн жогорулаткан, аларды жер-жерлердеги көйгөйлүү маселелерди чечүүгө шыктандырган, пайдалуу иш-чаранын башаты болоруна ишенимин билдиришти.
Форумдун жыйынтыгы менен резолюция кабыл алуу белгиленген.




