super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров Барскоондогу жаңы бала бакчаны ачты (фото)

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айылында жаңы бала бакча ачылды. Бул тууралуу министрлер кабинети маалымдады.

Ачылуу аземине катышкан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров балдардын тарбиялануусуна бала бакчалардын артыкчылыктарына токтолду.

“Балдардын жалпы билим берүү мектептерине барганга чейин бала бакчалар - билим берет жана өнүктүрөт, бала социалдашат, коомго аралашуусуна түрткү болот, балдар өз алдынчалыкка жана жоопкерчиликке үйрөнүшөт, бул ата-энелер үчүн дагы жакшы. Ошол себептүү мамлекет балдарга болгон камкордукту бала бакчалардан баштайт”, - деди ал.

Заманбап бардык шарттары менен салынган бала бакча 2 кабаттан турат жана ал 100 балага ылайыкташкан. Ошондой эле мында жергиликтүү 19 адам жумуш менен камсыз болот.

Белгилей кетсек, 10 миңге жакын жашоочусу бар Барскоон айылында буга чейин 1 бала бакча болгон. Жаңыдан курулган бул имарат эми бала бакча жетишсиздигин жоёт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: