super.kg logo

Жүрөк кемтиги оорусунан балдарды кантип сактайбыз? Ата-энелер, дарыгерлер менен маек

 

Акыркы учурларда социалдык тармактарда "жүрөк кемтиги менен жабыркаган балдарга операция жасоо үчүн көп суммада акча керек" деген жарыя, өтүнүчтөр көп жарыяланууда. Бул көйгөйгө кызыгып, "Жүрөк кемтиги деген эмне, бул ооруга чалдыккан балдарга кандай жардам берилет, оорунун кантип алдын алса болот, эмнеге чет өлкөдө операция жасалат? " деген сыяктуу суроолорго жооп алуу үчүн жабыркаган балдардын ата-энелерине, дарыгерлерге кайрылып көрдүк.

Чет өлкөлүк дарыгерлерден үмүт кылган энелер

Аманбек Гүлнур менен Ырыскелдинин үчүнчү уулу. Ал ушул жылдын июнь айынын аягында туулган. 34-аптада төрөлгөндүктөн Аманбектин жүрөгү толук калыптанган эмес. Апасынын айтымына караганда, уулу ооруканадан чыккандан эртеси күнү эле жандандыруу бөлүмүнө түшүп калган.

"Балама ат коё электе эле жандандыруу бөлүмүнө түшүп калган. Аман болсун деп ысымын Аманбек койдук. Төрөтканадан чыккандан кийин эле көгөрүп, талмасы кармап калды. Кийин тубаса жүрөк оорусу деген диагноз коюшту. Бир клапаны ачылбай, кан жакшы өтпөй жатканын айтышты. Кыргызстанда операция жасоого баламдын салмагы жетпейт экен. Себеби менин баламдын салмагы 2 килограмм, ал эми операция жасоо үчүн 6 килограмм болуш керек экен",- деди Аманбектин апасы.

Гүлнурдун айтымында, учурда Аманбекке Түркияда операция жасоо үчүн 22 миң доллар керек. Жаш үй-бүлө үчүн бул чоң сумма болгондуктан учурда элден акча чогултууда.

"Биз Түркиядагы ооруканалардын бири менен сүйлөштүк. Алар 22 миң доллар керек экенин айтышты. Дарыгерлер 1 жашка чейин операция жасалса, жүрөгү батыраак калыбына келет деп жатышат", - деп кошумчалады Гүлнур.

Гүлнурга окшоп жүрөк кемтиги менен жабыркаган баласын айыктырууну көздөгөн үй-бүлөлөр аз эмес. Көбүнчө айласы кеткен үй-бүлөлөр кайрымдуу элден акча сурап, баласын чет өлкөдө дарылоого аракет кылууда.

Уркуя Изакул кызынын уулу да жүрөк кемтиги менен төрөлгөн. Уркуянын 2 жарым жашка чыгып калган уулуна жакында гана Түркиядан операция жасалды. Учурда уулу менен Кыргызстанда кайтып келген Уркуя баласынын абалы кадыресе жакшы болуп калганын айтты.

"Балама төрөлгөндө эле жүрөк кемтиги деген диагноз коюшкан. Кыргызстандын ооруканаларында дарыланган жокпуз. Бизде деле операция жасалмак, бирок жүз пайыз кепилдик бере албайбыз дешкен. Бизде аппараттар жетишсиз, ошондуктан кезекке турабыз. Бирок ал кезек качан жете турганы белгисиз да . Ошол үчүн Түркиядагы ооруканаларга байланыштык. Жакында гана уулума операция жасалды, азыр балам жакшы", - деп билдирди Изакул кызы.

Уркуянын айтымында, уулуна операция жасатуунун баасы 14 миң долларды түзгөн. Жаш үй-бүлө үчүн бул чоң сумма болгондуктан, алар дагы элден жардам сураган. Акчанын жарымын чогултууга фонд жардам берсе, калган жарымын үй-бүлө өзү чогулткан.

"Жарандар кыргыз хирургиясына ишеним көрсөтүшпөйт"

Чоң суммадагы каражат чогултуп, чет өлкөдөн операция жасатууну каалагандардын көбөйүшү Кыргыз медицинасынын абалын эске салат. Кыргызстанда жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдарга операция жасоодо эмнелер жетишсиз болуп жатканына кызыгып, Саламаттыкты сактоо министрлигинин "Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илимий изилдөө институтуна" кайрылып көрдүк. Жарандардын чет өлкөдөн операция жасатуусу боюнча сурообузга Рентгенхирургия жана курч коронардык синдром бөлүмүнүн башчысы Абай Турдубаев жооп берди:

"Чынында эле интернетте каражат топтоп чет өлкөдө операция жасатууну каалаган жарандарыбыз көп. Себеби айрым жарандар өздөрү биздин хирургдарга ишеним көрсөтпөй, чет өлкөдөн жасаткысы келет. Андан сырткары азыр Кыргызстанда медициналык туризм өнүккөн, ошол себептен көптөгөн мекендештерибиз биздин кардиохирургияга кайрылбастан эле, жеке консультация алып чет өлкөгө кетип жатышат".

Турдубаевдин айтымына караганда, ал иштеген мекемеде эки жашка чейинки балдарга бекер операция жасалат. Ошондой эле окклюдер менен жүрөк кемтигин жабуу бекер жасалып жатат. Турдубаев былтыр бул боюнча 100дөн ашык операция жасалганын кошумчалады.

"Негизи каражат маселеси өтө татаал, анкени жүрөк кемтигинин түрлөрүнө жараша операциянын дагы түрлөрү ар түрдүү. Бирок биздин ооруканада эки жашка чейинки балдарга бекер операция жасалат. Акыркы беш жылдан бери ар түрдүү фонддор аркылуу жогорку деңгээлдеги операциялар жасалууда. Мен иштеп жаткан мамлекеттик кардиохирургияда жылына 300дөн ашык жүрөк кемтиги менен жабыркаган балдарга операциялар жасалат",- деди Турдубаев.

Кыргызстандан эле жүрөк кемтиги менен жабыркаган баласына операция жасаткан үй-бүлөлөргө байланышып көрдүк. Алардын бири Кыял учурда Талас облусунда жашайт. Мындан 4 жыл мурун ал жүрөк кемтиги менен төрөлгөн уулуна Бишкекте операция жасаткан. Анын баласы жүрөк кемтигинин оор түрү менен жабыркап келген. Кыял дарыгерлер операцияга 500 доллар сураганын айтат. Дегени менен дарыларды өздөрү сатып алып отуруп жалпы 200 миң сомдун тегерегинде акча сарпташкан.

Учурда Кыялдын баласынын абалы жакшы. Бирок толук жакшы болуп кете элек. Эне-бала 6 ай сайын текшерүүгө барып турушат, сасык тумоо менен ооруп калбоого, дайыма витамин ичип турууга аракет кылышат.

Жүрөк кемтиги оорусун кош бойлуулук учурунда билсе болот

Жүрөк кемтиги оорусуна операция жасалгандан кийин балага жакшы кам көрүү керек. Колдон келсе баланы оорутпай, инфекциялык ооруларды жугузуп албоо үчүн көпчүлүк менен көп аралаштырбаган жакшы. Бул тууралуу Үй-бүлөлүк дарыгер-педиатр Бакытбек кызы Каныкей билдирди. Дарыгердин айтымына караганда, тубаса оорулар аз кездешүү үчүн алгач болочок энелер ден соолугуна туура кам көрүүсү зарыл.

"Тубаса оорулардын биринчи себеби биздин тамактануубуз болуп саналат. Бир жагынан канцероген, учурда дүкөндүн текчелеринде дайыма турган жашылчалардын, консервалардын, суусундуктардын түрүн, колбаса, чипсы менен тамактануу, экинчиси бир түрдүү эле тамактануу себеп болот. Себеби туура эмес тамактануу иммунитеттин түшүүсүнө алып келип организм ар кандай инфекцияларга бат чалдыгат.

Кош бойлуу учурунда аялдардын дагы ар кандай инфекцияларга чалдыгып калуусу жана генетикалык фактор дагы жүрөк кемтиги менен балдардын төрөлүшүнө алып келет", - деп айтты Бакытбек кызы.

Ошондой эле педиатрдын айтымында, ооруну азыр техниканын жардамы менен кош бойлуулуктун алгачкы апталарында эле билсе болот. Бул үчүн болочок ата-энелер убагында кош бойлуулук боюнча учётко туруп, көзөмөлдөн өтүп турушу керек.

Бактыбек кызы көп учурда ачык артериалдык түтүк(ОАП) жана ачык сүйрү терезе (ООО) көп кездешип жатканын айтат. Бирок буларды түзмө-түз кемтик деп айтууга болбойт, болгону ушундай кемтик менен төрөлгөн балдар учётто туруп, 6 ай сайын текшерүүдөн өтүп турушу кажет.

"Операция жасаткандын баары эле толук жакшы болуп кетпейт"

Адистер акыркы учурда жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдар жылдан жылга көбөйүп жатканын айтышууда. Мындай нерсенин алдын алуу үчүн ар бир аял өзүнүн кош бойлуулугун пландашы керек. Алар бардык текшерүүдөн өтүп, кош бойлуулук учурунда сасык тумоодон, суук тийүүдөн жана зыяндуу заттардан алыс болуп, өз алдынча дары ичүүдөн баш тартуусу керек экенин айткандар дагы жок эмес. Ошондой эле айрым жүрөк кемтигин эненин курсагында эле билсе болот деп айткандар бар. Бирок кардиолог Нара Жоомартова бардык эле жүрөк кемтигин эненин курсагында билүүгө мүмкүн эмес экенин билдирди:

"Айрым жүрөк кемтигин эненин курсагында билүүгө болбойт. Ошондуктан кош бойлуулук учурунда скринингден өтүүнү сунуштайм. Бала төрөлгөндөн кийин да экокардиографияга тарттырууну жана педиатрга көрсөтүп турууга кеңеш берем".

Жоомартова да жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдардын көбөйүп жатканына тынчсызданат. Анын айтымында, жүрөк кемтиги тубаса жана кийин калыптанган болуп экиге бөлүнөт. Ошондой эле анын ичинен өлүмгө алып келген жана ден соолукка олуттуу таасирин тийгизбегендери да бар. Ошондуктан энелерге баласы алсыз, бат-баттан ооруп жатса же ыйлаганда көгөрүп кетсе, анда дароо дарыгерге көрсөтүүнү сунуштайт.

"Бала ыйлаак болуп, эс учун жоготуп жатса, дем алуусу начарласа, аз кандуулук менен жабыркаса анда дароо дарыгерге көрсөтүү керек. Жүрөк кемтигин дарылоонун да ар кандай жолдору бар. Кээ бир түрлөрүндө жүрөк жабылбай калат, биз ошол учурда операция жолун сунуштайбыз. Бирок операция жасагандардын баары эле толук жакшы болуп кетпейт. Көп дефект менен жабыркаган жүрөк кемтиги толук жакшы болбошу мүмкүн, бирок жашоо сапаты жакшы болуп калат. Эгер татаал эмес түрү болсо анда жакшылап дарыланса, толук жакшы болуп кетиши мүмкүн".

Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген маалыматына караганда, 2021-жылы жүрөк кемтиги менен жабыркагандардын саны 4230га жеткен. Анын 2734үн 14 жашка чейинки балдар түзгөн. Ушул эле жылы 14 жашка чейинки балдардан жаңы 1088 учур катталган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: