super.kg logo

Израиль аскерлери кайрадан палестиналыктарга кол салды

 

Израиль аскерлеринин коргоосу астындагы еврей отурукташуучуларынын оккупациядагы Батыш Шерианын түндүгүндө жайгашкан Бурка айылына карата кол салды. Анда бир палестиналык октон жарадар болуп, 30 палестиналык газга ууланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалымдалгандай, израилдиктер Наблус-Женин жолундагы палестиналыктарга таандык унааларга таш ыргытып, Бурка айылындагы палестиналыктардын үйлөрүнө курал менен кол салышты. Израиль күчтөрү газ бомбасы, үн бомбасы жана чыныгы ок колдонду.

"Израиль аскерлери чыныгы ок менен жасаган куралдуу кол салуусунда бир паестиналык жараланып, 30 палестиналык газдан жабыркады.

Бурка айылы мыйзамсыз Хомеш отурукташуу жерине жакын болгондуктан отурукташкандардын кол салуусуна дуушар болууда.

Израиль оккупациялаган Батыш Шериада жана Чыгыш Кудста еврей конуштары эл аралык мыйзамдарга ылайык мыйзамсыз деп эсептелет", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылынын Хамас саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания Израилдин палестиналыктарды бутага алуусун күчөткөн сайын чыңалуу жана кагылышуу чөйрөсү кеңейе тургандыгын билдирди.

Мындан тышкары Хания оккупациядагы Батыш Шериада эч кандай саясий жана коопсуздук чечүүчү жолдун жок экендигин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: