super.kg logo

Облус тургундары президентке кайрылуу жолдошту (видео)

 

Бүгүн, 23-августта Өкмөт үйүнүн алдында өлкөнүн ар бурчунан келген 30га чукул тургун президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Анда жарандар мүлк талашуу, маяна, жер жана турак жай сыяктуу ар кандай маселелери менен кайрылып, кат жазышкан. Бул тууралуу кат жазган топтун өкүлдөрү SUPER.KG порталына кайрылышты.

Өзүн "Коррупцияга каршы элдик кыймылынын" инспекторумун деп тааныштырган Гүлмира Сооронбаева ага тургундар тарабынан ондогон каттар жазылганын, мындан улам жарандарды өлкө башчынын бир айда эки жолу кабыл алуусун өтүндү. Ошондой эле ал коррупциялык көрүнүштөр жоюлбай жатканын айтты.

"Биз соттордун, милиция кызматкерлеринин, жергиликтүү бийликтин, бардык эле мамлекеттик жетекчилердин ишине нааразыбыз. Анткени мыйзамдар элге иштебей жатат", - деди ал.

Колуна кызыл китебин кармаган Күкүш Эшматова Ош облусунан келгенин, Кара-Сууда жер маселеси дагы деле чечилбей жатканын билдирди.

"Үч жүзгө жакын адам кызыл китеби болгонуна карабай мүлктөрүнөн ажырап жатат. Биздин жеке менчик жерлерибизди Мамлекеттик мүлк фонду талашып жатат. Тиешелүү тараптарга кайрылдык, бирок эч кандай майнап чыкпагандыктан президент чечет деген үмүт менен ушул жерге келип отурабыз. Буга чейин да бир нече жолу келип, жооп ала албай кеттик", - деди Эшматова.

Акцияга чыккандардын бири Памир Султанкулов президенттен күч кызматкерлеринин жана ардагерлердин турак жай маселесин чечип берүүсүн талап кылды.

Гүлмира Сооронбаева кайрылуу катка 500дөй кишинин кол койгонун айтты.






Облус тургундары президентке кайрылуу жолдошту

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: