"Дордойдун" соодасын кызыткан мектеп камылгасы, ата-энени түйшүккө салган кымбатчылык (репортаж)
Жаңы окуу жылынын башталарына саналуу гана күндөр калды. Учурда бардык ата-энелер балдарына кийим-кече, окуу куралдарын жана башка керектөөлөрүн алып берип, жаңы окуу жылына даярдап жаткан учуру. Адатта алардын көпчүлүгү соодасы катуу кызыган Бишкектеги "Дордой" базарына бет алышат.
Бул жылдагы күзгү баа ата-энелердин чөнтөгүнө чак келеби? Быйыл бааларда айырмачылыктар барбы? Дегеле базардагы абал кандай?
SUPER.KG порталы аталган суроолорго кызыгып, базарга баш багып көрдү.
Ар жылы сентябрь айына жакын "Дордой" базарында кардарлардын саны эки эсе арбыйт. Балдарын мектепке даярдаган ата-энелер бул базарда тандоонун көптүгүнө жана баанын арзандыгына үмүт артып алыскы аймактардан бери келишет. Анткен менен акыркы убактарда соода-сатыкты текши каптаган кымбатчылык "Дордойду" айланып өткөн жок. Соодагерлер бааны туруктуу дегени менен, мектепке камданган ата-энелер кийим-кечектин быйылкы баасы былтыркыдан алда канча кымбат экенин айтышты.
Насыйкат айым эки баласын мектепке даярдоо үчүн ар жылы Ысык-Атадан "Дордой" базарына келет. Анын айтымында, башка базарларга салыштырмалуу арзан делген "Дордойду" да быйыл кымбатчылык баскан.
Ал эми базарда 20 жылдан ашык соода кылып келе жаткан Эрмамат Жолонов баалардын кымбат жана арзан болушу товардын сапатына жараша айырмаланарын билдирди.
Быйыл бааларда бир топ айырмачылык бар экенин белгилеген Нурсултан Эгембердиев жаңы окуу жылына балдарына 50 миң сомдой акча жумшаганын билдирди.
"Дордой" базарында кардарлар үчүн атайын жарманкелер да уюштурулуп турат. Анда көбүнчө ата мекендик өндүрүштүн кийимдери, окуу куралдары сатылат. Сатып алуучулар мындай жайларда товардын баасы да базар ичине салыштырмалуу арзан экенин айтышты.
Белгилей кетсек, өлкөдөгү жалпы билим берүү уюмдарында мектеп формасы классикалык мүнөзгө ээ болушу керек. Тагыраагы, окуучулар үстү ачык, асты кара түстөгү форманы кийсе болот. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, билим берүү уюмдарында спорттук кийимди жана бут кийимди, жинсы, пляждагы, үйдөгү кийимди жана бут кийимди кийип жүрүүгө жол берилбейт.
кошулду
Мектепке даярдыктын баасы
