super.kg logo

Росавиация Пригожиндин кыйраган учагында кимдер болгонун жарыялады 

 

Орусиянын Федералдык аба транспорту агенттиги (Росавиация) өзүнүн Telegram каналында Тверь облусунда кыйраган Евгений Пригожинге таандык Embraer Legacy бизнес-учагынын жүргүнчүлөрү менен экипаж мүчөлөрүнүн толук тизмесин жарыялады.

Андагы маалыматка ылайык, учактын бортунда 10 адам болгон. Алар: 1. Пропустин Сергей; - разведчик-гранатомётчик, "Вагнердин" согушкери;

2. Макарян Евгений - "Вагнердин" согушкери, Сириядагы согушка катышып, 2017-жылдын январында америкалык учак менен кагылышуудан аман калган;

3. Тотмин Александр - "Вагнердин" согушкери, айрым маалыматтарга караганда Судандагы согушка катышкан;

4. Чекалов Валерий - Экс-бизнесмен, Пригожиндин бизнес структуралары менен байланышта болгон. Пригожиндин орун басары, "Вагнердин" коопсуздук кызматын жетектеген.

5. Уткин Дмитрий - Запастагы подполковник, кесипкөй аскер кызматкери, "Вагнер" тобунун командири, Пригожиндин оң колу;

6. Матусеев Николай - Маалымат жок;

7. Пригожин Евгений; - "Вагнердин" негиздөөчүсү;

Экипаж мүчөлөрү: 8. Левшин Алексей (командир);

9. Каримов Рустам (экинчи учкуч)

10. Распопова Кристина (учуу кызматчысы).

Кечээ, 23-августта Евгений Пригожинге таандык болгон учак Орусиянын Тверь облусунун аймагында кулаган. Бортто 10 адам, анын ичинде Евгений Пригожин өзү дагы болгону кабарланды. Борттогулардын бардыгы каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: