super.kg logo

Түрк бийлиги Стамбулдагы 1,5 миллион батирдин тургундарын башка аймакка көчүрөт

 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Стамбулдагы 1,5 миллион батирдин тургундарын жер титирөөгө туруштук бере турган турак жайларга көчүрүүнү пландап жатканын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

"Түркияны жер титирөөгө туруктуу өлкөгө айландыруу боюнча ишибизде Стамбул менен Мармара деңизине өзүнчө орун беребиз. Стамбулга келсек, азыр 1,5 миллионго жакын батирдин жашоочуларын жер титирөөгө туруктуу турак жайларга көчүрүүнү пландап жатабыз. Убакытты текке кетирүүгө болбойт”, - деген Эрдоган.

Мамлекет башчынын айтымында, бийлик Стамбулда курууну пландап жаткан жасалма кеме каналынын эки тарабына 500 миң кишилик спутник шаар курууну да көздөп жатат. Бул Стамбулдагы жер титирөөдөн коргоо боюнча бийлик көрүп жаткан чаралардын алкагындагы дагы бир долбоор болмок.

Ал эми Түркиянын айлана-чөйрөнү коргоо, шаар куруу жана климаттык өзгөрүү министри Мехмет Ожасеки Стамбулда 6 миллион үй бар экенин, алардын ар бир онунчу үй жер титирөөдө кыйрашы мүмкүн экенин билдирген.

Эске салсак, ушул жылдын 6-февралында Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сириянын түндүгүндө күчү 7,8 жана 7,5 баллга жеткен күчтүү жер титирөөлөр болуп, 60 миңдей адам каза болгон. Түркияда кыйроонун масштабы шаар куруу стандарттары жана куруучулардын жоопкерчилиги тууралуу талкууну күчөтүп, бийлик 350 адамды камакка алган.

Буга чейин тектонист Желал Шенгер жакынкы 2-3 жылда Стамбул шаарында жер титирөө катталышы мүмкүн экенин жана 4-15 миң имарат жок болуп, дагы 50-60 миң имарат жарым-жартылай талкалана турганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: