Акыйкатчы Орусияда Кыргыз диаспоралары менен жолугушуу өткөрдү (сүрөт)




Кечээ, 23-августта Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жана Орусиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова Орусиядагы Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкөнүн Акыйкатчылары жарандарды Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинин имаратында кабыл алышты. Мындан тышкары Кыргыз мигранттарына элчиликтин өкүлдөрү, ошондой эле Орусиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлери юридикалык кеп-кеңештерди беришти.
"Орусиянын аймагында кыргызстандыктардын жашаган жери боюнча миграциялык каттоого туруу, үй-бүлө мүчөлөрүнө милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алуу, "кара тизмеге" кирип калгандарга мунапыс алуу, Орусиянын мектептерине балдарын киргизүү, эмгек укуктары, айрым учурларда орой мамилеге кабылуу жана башка ушуга окшогон маселелери бар. Жогоруда аталган маселелерди чечүү убакытты, ошондой эле Орусиянын башка мамлекеттик органдарынын активдүү өз ара биргелешип иш алып баруусун талап кыларын түшүнөбүз. Биз тараптан да адам укугу боюнча маселелерди илгерилетүүгө болгон күч-аракетибизди жумшайбыз", - деди Жамиля Жаманбаева.
Ал эми Москалькова мигранттардын көйгөйлөрү тийиштүү органдар менен талкууланып, чечиле турганын билдирди.
"Ыйгарым укуктуу өкүлдүн башкы тапшырмаларынын бири - адамдар менен пикир алышуу. Эмгек мигранттарын укуктарына кепилдиктерди жогорулатуу биздин коомго башка мамлекеттердин интеграцияланышына мүмкүндүк түзүп, алардын жумушчу жана ишкер катары потенциалдарын бекемдейт деп ишенем", - дейт Москалькова.


