super.kg logo

"Миңден ашыгы дайынсыз". Гавайидеги токой өртүнөн каза болгондордун саны 110го жетти 

 

Гавайинин Мауи аралындагы токой өртүнөн каза болгондордун саны 110 адамга жетти. Бул тууралуу штаттын губернатору Жош Гриндин сөзүнө таянуу менен CNN басылмасы жазып чыкты.

Билдирүүдө 1,1 миңден ашуун адамдын дайынсыз болуп жатканы айтылган.

Гавайиде кургакчылыктан жана бороон-чапкындуу шамалдан улам пайда болгон токой өртү эки жумадан ашык убакыттан бери жайылууда. Эң көп кыйроолор мурда Гавайи Королдугунун борбору болгон Лахайн шаарында катталган. Райондун акими Ричард Биссен басылмага берген маегинде, заманбап курорттук борбордун тарыхый бөлүгү күйүп кеткенин билдирген.

Губернатор Жош Гриндин айтымында, быйылкы августта болгон өрт "штаттын тарыхындагы эң ири табигый кырсык" болгон. Лахайнаны калыбына келтирүүгө кеткен чыгым буга чейин 5,5 миллиард долларга бааланган. Маалым болгондой, эки миңден ашык имарат жабыркаган, 850 гектардан ашык жер күйгөн.

Буга чейин АКШнын президенти Жо Байдендин Гавайиге барганы кабарланган. Ал өрттөн жабыркагандардын ар бирине 700 доллардан төлөп берүүнү убада кылып, бул жергиликтүү тургундардын нааразычылыгын жараткан. Себеби тургундар мындай аз сумма кыйратуучу өрттөн кийин эч нерсени калыбына келтирүүгө жетпей турганын маалымдашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: