super.kg logo

"Экипаж мүчөлөрү өлтүрүлгөн". Орусиянын тик учагы Украинанын аймагында конду

 

Украинанын чалгындоо кызматынын узакка созулган атайын операциясынын натыйжасында Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн "Ми-8" тик учагы Харьков облусуна келип конду. Бул тууралуу Украинанын Коргоо министрлигинин башкы чалгындоо башкармалыгына шилтеме берүү менен украин басылмалары жазышууда.

Украинанын чалгындоо кызматынын басма сөз катчысы Андрей Юсов орусиялык тик учак чындап эле Украинанын аэродромуна конгондугун, экипаж менен иш жүрүп жатканын айтып, бирок чоо-жайы кийинчерээк ачыктала турганын билдирген. Юсов орус учагы эки авиабазанын ортосунда учуп, аскер учактары үчүн тетиктерди ташып жүргөн.

"Украинская правда" өз булагына таянып, алты айдан ашык убакытка созулган операциянын жүрүшүндө Украинанын чалгын кызматы учкучту "өз тарабына тартууга аракет кылган " деп жазды. Себеби буга чейин учкучтун үй-бүлөсүн Орусиядан Украинага алдын ала алып келишкен. Учкуч менен бирге бортто кайда учуп баратканын билбеген эки экипаж мүчөсү болгон. Алар өлтүрүлгөн болушу мүмкүн.

Буга чейин Fighterbomber Telegram каналы "Ми-8" тик учагы Украинанын аймагына навигациялык катадан улам киргенин билдирген.

"Ориентацияны калыбына келтирүү аракети натыйжасыз аяктады. Аэродромду абадан көрүп, ага конду. Аэродром Украинанын Полтава аэродрому болуп чыкты. Алар кайда конгондугун түшүнүп, учуп кетүүгө аракет кылышкан, бирок жерде тик учактан атылган", - деп жазган Fighterbomber Telegram каналы.

Азырынча орус бийлиги окуя боюнча комментарий берген элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: