super.kg logo

"Башына уксус куюлган баштык кийгизип". Сокулукта үч адам милиция кызматкерлери кыйноого алганын айтты

 

Сокулук районунда үч жаран милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылганын айтып чыгышты. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу улуттук борбору билдирди.

Андагы маалыматка ылайык, улуттук борборго Д. А., Р. Д. жана Р. Ю. аттуу үч жаран кайрылган.

"Арызда 20-июль милиция кызматкерлери Д.А.ны РИИБдин имаратына алып келип сабап, башына жана денесинин башка жерлерине тепкилеп, кылмышты моюнуна алуу үчүн башына уксус куюлган баштыкты кийгизишкен. Кыйноо саат 23:00дөн таңкы саат 4кө чейин уланган", - деп айтылат маалыматта.

27-июлда аталган борбордун кызматкерлери Сокулук районунун убактылуу кармоочу жайына барышып, Д.Анын денесиндеги көкалаларды катташкан.

Р.Д., Р.Ю. аттуу жарандардын билдирүүсүнө ылайык, аларды дагы 20-июлда милиция кызматкерлери Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө чакырышкан. Мекемеге келгенден кийин кызматкерлер аларды дагы сабап, башына жана денесинин башка жерлерине тепкилеп, башына уксус куюлган кап кийгизип салышкан. Аларга колдонулган кыйноо ыкмаларына туруштук бере албаган Р.Д. өзүнө каршы өзү көрсөтмө берүүгө аргасыз болсо, Р.Ю. агасы менен атасына каршы көрсөтмө берген.

Бул факты боюнча бардык материалдар УКМКга жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: