Ошто күйөөсү бычактаган келиндин абалы тууралуу маалымат айтылды
Ошто жолдошу тарабынан бычакталган аялдын абалы туруктуу оор. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында айтылат.
Маалымдалгандай, 33 жаштагы келин ооруканага кечээ, 23-август күнү түнкү саат 23:31де оор абалда келген. Ага тез арада операция жасалып, келин түйүлдүктөгү баласынан айрылып калган.
Учурда ал тиешелүү дарылоодон өтүп жатат.
Эскерте кетсек, буга чейин Ош облустук милициясы SUPER.KG порталына 40 жаштагы Кара-Суу районунун тургуну жубайы менен болгон пикир келишпестиктен улам аны бычактап салганын билдирген болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.