super.kg logo

Япония атомдук электр станциясындагы сууну океанга агыза баштады

 

Бүгүн, 24-августта Япониянын Tokyo Electric Power (TEPCO) компаниясы Фукусима-1 атомдук электр станциясындагы сууну океанга агызып баштады. Бул тууралуу Associated Press басылмасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, тазаланган суу жээктен бир чакырым аралыкка суу астындагы тоннель аркылуу чыгарылат. Болжол менен суткасына 460 тонна суу агызуу пландалган.

Ар бир тонна 1,2 миң таза деңиз суусу менен суюлтулган. Алгачкы 17 күндө 8 тоннага жетпеген суу чыгарылышы күтүлүүдө.

Фукусима-1 атомдук электр станциясындагы резервуарларда 1 миллион 250 миң тоннадан ашык суу топтолуп, ал 2011-жылдын мартындагы цунамиден жабыркаган реакторлорду муздатуу үчүн колдонулган. Жапон өкмөтү суу жалпысынан радиоактивдүү заттардан таза жана суутектин (тритий) изотопун гана камтыйт деп билдирүүдө.

Реакторлорду муздатуу үчүн колдонулган суу тазалангандан кийин резервуарларда сакталган. Алар дээрлик 90 пайызга толгон. Буга байланыштуу бийлик тазаланган сууну агызууну чечкен. Атомдук электр станция боюнча эл аралык агенттик бул чечимди колдогон.

Учурда мындай чечимге Кытай каршы чыгып, Япониянын он префектурасынан деңиз азыктарын импорттоого тыюу салды. Түштүк Корея да бул чечимге каршы чыккандардын бири, бирок азырынча Япониядан деңиз азыктарын импорттоого тыюу салган жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: