super.kg logo

“Өмүр бою соттолгон адамдын бутун ампутация кылышкан”. Акыйкатчы аны дарылоону камсыздоону талап кылды

 

Акыйкатчы Джамиля Джаманбаева тиешелүү мамлекеттик органдардан өмүр бою абакка кесилген А.С. аттуу жарандын укуктарынын сакталышын камсыздоону жана ага дарыланууга жана текшерүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүнү талап кылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта SUPER.KG порталына Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, анын жакындары ага кайрадан дарылануу керек экенин айтышууда. Соттолгон жарандын тууганы бир аз күн мурда Акыйкатчынын жеке кабыл алуусунда болгон. Ал №31 түзөтүүчү-дарылануучу мекемесинде жаткан жакынынын өмүрү үчүн кооптонуп жатканын билдирип, аны Улуттук хирургиялык борборго которууга көмөк сураган.

Белгилей кетсек, А.С. 13-июлда “экинчи типтеги кант диабети” диагнозу менен №31 түзөтүүчү-дарылануучу мекемесине дарыланууга жаткырылган.

24-июлда анын тууганы Акыйкатчы институтуна кайрылып, абакта жаткан бейтаптын бутуна операция жасоого мүмкүндүк берилбей жатканын айткан. Ошол эле күну институттун кызматкерлери №31 мекемеге барышкан. Аталган жаран мекеме анын сол бутун ампутациялай турган операцияга тоскоолдук кылып жатканына даттанган.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери мекеменин жетекчилиги менен Улуттук хирургия борборунда операция кылууга мүмкүндүк берүү зарылдыгы жөнүндө сүйлөшкөн.

"25-июлда соттолуучуну текшерүүдөн өткөрүшүп жана ошол эле күнү Улуттук хирургиялык борбордон ага операция жасалган. 28-июлда аталган жарандын тууганы кайрадан Акыйкатчы институтуна кайрылып, №31 түзөтүүчү дарылоо мекемесинин кызматкерлерине даттанган, кайрылуусунда ал аталган кызматкерлердин айынан тууганынын буту кесилгенин, анткени өз маалында карап, текшербей коюшканын көрсөткөн.

9-августта ошол эле адам Акыйкатчы институтуна кайрадан өтүнүч менен кайрылып, бул ирет тууганын Улуттук хирургиялык борборго жаткырууга көмөк берүүнү сурап кайрылган”, – деп жазылат маалыматта.

Соттолгон жарандын тууганынын арыздары боюнча Акыйкатчы институту тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылган. Анда Жаза аткаруу кызматынан абакта жаткан жаранды кан-тамырлар боюнча хирург көрүп чыкканын жана экинчи бутуна операция жасоо керек деген бүтүм чыгарып бергенин билдиришти.

Кошумчалангандай, Акыйкатчы институту Жаза аткаруу кызматы менен Саламаттык сактоо министрлигине абакта жаткан жарандын укуктарын сактоону камсыз кылуу талабы менен кайрылган. Бирок соттолгон адамга учурда Улуттук хирургия борборунан текшерүүдөн өтүүгө жана дарыланууга мүмкүндүк берише электиги айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: