super.kg logo
  Спорт  

Хайитхон Хусан кызы IBSA Дүйнө оюндарында коло медаль тагынды

 

Кыргызстандын парадзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Хайитхон Хусан кызы Бирмингем шаарында (Улуу Британия) өтүп жаткан IBSA Дүйнө оюндарында коло медаль тагынды. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалым болгондой, спортчу 48 килограммга чейинки салмакта катышкан. Биринчи айлампада аргентиналык спортчуга жеңилген. Экинчи айлампада колумбиялык атаандашын ипон ыкмасы менен жеңип чыгып, коло медаль үчүн беттеште бразилиялык спортчуну утуп алган.

"Аталган мелдеш көрүүсү начар спортчулар арасында биринчи жолу өтүп жатат. Жалпы 70 өлкөдөн 1000ден ашык спортчу катышып жатат.

Мелдеш 17-август күнү башталган, 27-август күнү жыйынтыкталат", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: