super.kg logo

Күч органдарынын ардагерлери коргоо министринин отставкасын талап кылды (видео)

 

Бүгүн, 24-августта Бишкек шаарындагы Горький атындагы сейил бакта күч түзүмдөрүнүн 10го чукул ардагери акцияга чогулуп, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту.

Акциянын катышуучулары маяна жана турак жай маселесин чечип берүүнү жана коргоо министри Бактыбек Бекболотовдун отставкасын талап кылышты.

"Коргоо министри өзүнүн ыйгарым укуктарын так аткарбай жатат. 2010-жылдан бери аскер кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн компенсация төлөнбөй келет. Ал эми күч органдарынын ардагерлери айына 650 сомдон алышат, негизи быйылкы жылдын 1-январынан тарта 1300 сомдон компенсация төлөнүп берилиши керек эле. Ошондой эле алар коомдук транспортто бекер жүрүү укугунан ажыратылды. Бекболотов кызматка келгенден кийин Коргоо министрлигине караган "Семетей" мейманканасынан да ажырап калдык, аскердик поликлиниканы да шаардын четине көчүрүп салышкан", - деди полковник, ардагерлердин бири Анвар Сартаев.

Ал эми 63 жаштагы Айсулуу Молдакунова аталган министрликтин көмөкчү чарбасында 13 жыл эмгектенгенин, ушул күнгө чейин кошумча азык акысын ала албай жүргөнүн айтты.

"Жолдошум экөөбүз көмөкчү чарбада 13 жыл иштедик. Ал айдоочу, сакчы, сантехник болуп иштесе, мен пол жууп, кийин бак өстүрүп эмгектендим. Биздин эмгегибизди баалабай, кошумча эмгек акыбызды бербей жатат. Министрлик үч бөлмөлүү үй беришти эле, үйдүн документин колубузга карматкан. Эми андан да чыккыла деп жатат. Кимге кайрыларымды билбей калдым. Эми сыртта калабызбы? Кичинекей эки неберемди багам, балам оорулуу. Иштейин десең эч жакка жумушка албайт", - деди Молдакунова.

Ошондой эле ал үйдөн чыкпайм дегенинен ур-томокко кабылып, колу, буту сынганын айтты.

Кечээ, 23-августта да ардагерлердин бири Памир Султанкулов президенттен күч кызматкерлеринин жана ардагерлердин турак жай маселесин чечип берүүсүн талап кылып, Өкмөт үйүнүн алдында тынчтык акциясына чыккан.

Акцияга чыккан ардагерлердин бир нече жолку өкмөткө жолдонгон кайрылуулары жоопсуз калып, мындан улам алар нааразычылык акцияларын ушул күнгө чейин уюштуруп келет.

Азырынча коюлган талаптар боюнча укук коргоо органдары жана Коргоо министрлиги жооп бере элек.






видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: