super.kg logo
  Саясат  

Нурланбек Шакиев Европа парламентинин делегациясы менен жолугушту 

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Европа парламентинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Дэвид Макаллистер баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Жогорку Кеңештен билдиришти.

Маалымдалгандай, жолугушууда Кыргызстан менен Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, парламенттер аралык байланышты бекемдөө маселелери талкууланды.

Төрага Нурланбек Шакиев мындай жолугушуулар эки тараптуу алакаларды арттырууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Кыргызстан Европа Биримдиги менен калыптанган өнөктөштүктү өнүктүрүүгө дайыма кызыкдар. Айрыкча парламенттер ортосундагы байланыштарды кеңейтип, Европа Парламенти менен жигердүү кызматташууну көздөйбүз”, – деди ал.

Муну менен катар Парламенттер аралык кызматташтык комитетинин быйылкы жыйыны декабрь айында Бишкекте өтөрүн эске салган Төрага аталган иш-чара Кыргызстан үчүн маанилүү экенине токтолду.

Демократиялык, саясий жана социалдык-экономикалык реформаларды үзгүлтүксүз улантууну көздөгөн өлкө катары биз бардык тараптар, анын ичинен Европа мамлекеттери менен тыгыз кызматташа беребиз. Анткени, ачык жана конструктивдүү диалог гана өнөктөштүктү бекемдөөгө көмөкчү болот”, – деди Нурланбек Шакиев.

Ага ылайык, Европа Парламентинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Дэвид Макаллистер иш сапарынын негизги максаты тууралуу сөз кылып, Европа Парламентинин 2029-жылга чейинки Өнүгүү стратегиясында Борбор Азия мамлекеттери менен кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө басым жасалганын эске салды.

Кыргызстан биз үчүн өзгөчө өлкө. Демократиялык багыттагы жетишкендиктери башка мамлекеттерге салыштырмалуу өтө арбын. Андыктан, Европа Парламенти Кыргызстан менен калыптанган мамилени өнүктүрүүгө ар дайым кызыкдар”,– деди Дэвид Макаллистер.

Ошондой эле жолугушууда адам укугун коргоо, сөз эркиндигин сактоо жана аймактык коопсуздукту бекемдөө жаатындагы маселелер талкууланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: