Баңгизат ишине байланыштуу үч милиция кызматкери СИЗОго киргизилди
Чүй облусунун үч милиция кызматкери СИЗОго киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, кечээ, 23-августта райондук соттун тергөө судьясы ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүлөрүнүн өтүнүчүн карады. Сот баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын үч кызматкерин 29-сентябрга чейин Бишкектеги СИЗО-1ге камоо чечимин кабыл алды.
Белгилей кетсек, буга чейин орус жаранына маңзат салып, акча талап кылганга шектелип үч милиция кызматкери кармалган. Орусиянын жараны милицияга арыз менен кайрылып, 20-апрелде милиция кызматкерлери жана “Д” аттуу кыз Бишкектеги кафелердин биринде ага “гашиш” ыргытканын айткан. Ошондой эле аны коркутуп, кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн 315 миң сом алганын билдирген.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, Чүй облустук милициясынын М.Ч., С.А. жана А.А. аттуу үч кызматкери кармалган. Алар Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени кабарланган.

