Ысык-Атада УКМКнын райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды (фото)











Ысык-Атада Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды. Анын ачылышына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Маалымдалгандай, жаңы имарат кызматкерлердин иштөөсү үчүн керектүү шарттар менен толук түзүлүп жана бардык заманбап талаптарга жооп берет.
Ташиев кызматкерлерди куттуктап, УКМК кызматкерлерине мындан ары да республиканын бардык облустарында жана райондорунда өз милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн шарттар түзүлө берерин айтты.
Ошондой эле Ташиев актуалдуулукту эске алуу менен коррупцияны жоюу жана уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча чараларды ишке ашырууну улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал президент Садыр Жапаров тарабынан Кыргызстанда коопсуздукту камсыз кылууга жана мыйзамдуулукту чыңдоого багытталган милдеттерди жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын билдирди.


1 |