Кыргыз-казак чек арасындагы узун кезек: Жергиликтүү тургундар айдоочуларга тамак беришүүдө



Чүй облусундагы жүк ташуучу унаалар топтолуп калган "Кең-Булуң – автожол" жана "Ак-Тилек – автожол" постторунда айдоочуларга ысык тамак берилип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалымдалгандай, ысык тамак менен камсыз кылуу жагы жергиликтүү айыл өкмөттөрдүн кызматкерлерине жана ӨКМнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине жүктөлдү.
Ага ылайык, камкор жергиликтүү тургундар айдоочуларды суу жана суусундуктар менен камсыз кылышууда.
Эске салсак, 21-августта “Ак-Тилек авто жол” өткөрүү жайы алдында жүк ташуучу унаалардын топтолушу катталган.
Ошондой эле 22-августта Чүй облусунда “Ак-Тилек-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайынын алдында жардам көрсөтүү жай катары чатырлар тигилген.

