super.kg logo
  Саясат  

Каныбек Апбасов Өзгөн районунун акими болуп дайындалды (өмүр баяны)

 

Бүгүн, 24-августта Каныбек Апбасов Ош облусунун Өзгөн районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

"Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна жараша Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп Апбасов Каныбек Сагынбекович дайындалды",- деп айтылат маалыматта.

Каныбек Апбасов 1980-жылы Чүй облусунун Кош-Коргон айылында туулган. 2002-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин мамлекеттик муниципиалдык башкаруу бөлүмүн, 2005-жылы Кыргызстандын Президентинин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын менеджмент тармагын аяктаган.

2003-2007-жылдары Чүй облустук мамлекеттик администрация-жетектөөчү адиси катары иштесе, 2007-жылы 5 ай Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы транспорт департаментинде эмгектенген. 2007-2012-жылдары “Елимай” ЖЧКсынын Чүй филиалында менеджер, бөлүм башчы кызматын аркалаган. 2013-2015-жылдары Кош-Коргон айыл өкмөтү башчысы болсо, 2015-2020-жылдары Чүй райондук мамлекеттик администрациясын жетектеген. 2021-жылдын май айынан бери Алай райондук мамлекеттик администрация жетекчиси болгон.
Каныбек Апбасов Кыргызстандын жарандык кызматынын 3-класстагы инспектору болуп саналат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: