super.kg logo

Бишкекте ишкерди тоноп, чоң суммадагы акчасын тартып алган шектүү кармалды

 

Бишкекте ишкерди тоноп, чоң суммадагы акчасын тартып алган деген шек менен 28 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын июнь айында Бишкек шаарында белгисиз жарандар 32 жаштагы ишкерди ур-токмокко алып, коркутуу жолу менен 150 миң сом акчасын жана документтерин алып кетишкен. Жабырлануучунун айтымында шектүүлөр май айында да аны күч колдонуп унаага салып, шаардын чекесинде ур-токмокко алышкан жана акча талап кылышкан.

Аталган факты Ленин РИИБде каттоого алынып, "каракчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Милициянын ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында кылмышка шектүү Ш.К аттуу жаран Ош базарынан кармалганы айтылды. Ал 1995-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну болгон. Шектүү мурда 3 ирет соттолгон жана криминалдык чөйрө менен байланышта экендиги аныкталган.

Кармалган жаран мындан бир ай мурун эле Бишкекте аялдамада турган шаар тургунунун Айфон үлгүсүндөгү телефонун да тартып алганы белгилүү болгон. Учурда ал ИИМдин убактылуу кармоочу жайына киргизилгени, ага байланыштуу тергөө амалдары уланып жатканы кабарланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: