super.kg logo

ЕЭК делегациясы кыргыз-казак чек арасындагы абал менен таанышты

 

ЕЭК делегациясы “Ак-Тилек- автожол” өткөрүү пункту аркылуу казак-кыргыз чек арасынан өтүп жаткан кыргыз жүк ташуучуларынын учурдагы абалы менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Экономика жана коммерция министрлигинен маалымдашты.

Учурда кыргыз бийлиги бул пункттарда өткөрүү убактысын узартууга эч кандай негиз жок экенин жана казак тарап тыгын боюнча азырынча эч кандай расмий түшүндүрмө бере элек экенин айтууда.

Алынган маалыматка караганда, делегациянын келиши менен казак тарап жүк ташуучу унаалардын өтүүсүн саатына 2-3 жеңил унаадан 8-9 жеңил унаага чейин көбөйткөн. Кыргызстандын Эл аралык жүк ташуучулар ассоциациясы мындай өзгөрүүнү ЕЭК делегациясынын тез келгендиги менен байланыштырып, ошондой эле делегация кеткенден кийин кырдаал кайра курчуп кетиши мүмкүн деп тынчсызданып жатканын билдирди.

Министрлик делегация кырдаалды апта аягына чейин көзөмөлдөй турганын жана мониторингдин жыйынтыгы боюнча кийинчерээк маалымат бериле турганын кабарлады. Ошондой эле алынган маалыматтар ЕЭК Кеңешинин отурумунда көрсөтүлө турганын кошумчалады.

Буга чейин кыргыз–казак чек арасындагы “Ак-Тилек- автожол”, “Кең-Булуң-автожол” жана “Чалдовар-автожол” өткөрүү пунктарындагы жүк ташуучу унаалардын узун кезегине байланыштуу ЕЭК делегациясы чукул мониторинг уюштура турганы кабарланган.

Эске салсак, 21-августта "Ак-Тилек" постунун алдында 370 унаадан турган тыгын пайда болгону кабарланып, 10 сааттын ичинде үч гана жүк ташуучу унаа өткөнү маалымдалган.

22-августта Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы “Ак-Тилек-автожол” өткөрмө пунктунда жүк ташуучу унаалардын узун кезеги байкалганын УКМКнын Чек ара кызматы билдирген. Анда УКМКнын Чек ара кызматы тарабынан эч кандай чектөөлөр киргизилбегени айтылган.

Көп өтпөй коңшу өлкөнүн финансы министри Ерулан Жамаубаев бул боюнча билдирүү жасап, баңгизат кармоо операциясы болгонун жана коммерциялык жүк ташууга байланыштуу эч кандай чектөөлөр болбогонун маалымдаган.

Кечээ, 23-августта УКМКнын Чек ара кызматы саат 13:00гө карата “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайынын алдында Кыргызстандан чыккан 493 унаа, “Кең-Булуң-автожол” өткөрүү жайынын алдында 146 унаа кезекте турганын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: