Жазуучу Олжобай Шакир эки айга камалды
Жазуучу, активист Олжобай Шакир эки айга камакка алынды. Бул тууралуу маалыматты анын жактоочусу Бакыт Автандил тастыктады.
Анын айтымында, бүгүн, 24-августта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Олжобай Шакирдин баш коргоо чарасы каралып, соттун чечимине ылайык, ал 23-октябрга чейин СИЗО-1ге камакка алынды.
Ага байлануштуу соттук отурумга журналисттер киргизилбей, бир гана жубайын киргизүүгө уруксат берилди.
Эске салсак, кечээ, 23-августта жазуучу, активист Олжобай Шакир Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка чакырылып, 48 саатка камалган. Ага бийликти басып алууга аракеттенген деген айып коюлганын ошол күнү анын адвокаты Бакытбек Автандил билдирген.
Атайын кызмат бул боюнча расмий маалымат бере элек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.