super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаровдун катышуусунда ЕӨАКтин кезексиз жыйыны болду

 

Кечээ, 24-августта Армениянын Цахкадзор шаарында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезексиз жыйыны өттү. Бул тууралуу Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы кабарлайт.

Маалым болгондой, отурумга Армения, Беларусь, Казакстандын жана Орусиянын өкмөт башчылары да катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин мүчөлөрү Биримдиктин 2030-2045-жылдарга чейинки мезгилдеги стратегиялык өнүгүүсү, анын ичинде интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүүнүн негизги милдеттери жана маанилүү багыттары жөнүндө Декларациянын долбоору боюнча пикир алмашты.

Акылбек Жапаров интеграциялык байланыштарды мындан ары тереңдетүүнүн, товарлардын, капиталдын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана эмгек ресурстарынын эркин кыймылы үчүн бардык тоскоолдуктарды жоюунун жана ЕЭКке зарыл ыйгарым укуктарды берүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Кезексиз жыйындын жыйынтыгы боюнча өкмөт башчылар Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешине Санкт-Петербург декларациясынын долбоорун Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алдыдагы отурумунда акыркы вариантын кароо максатында иштеп чыгууну тапшырышты, ал жыйын 2023-жылдын 26-27-октябрында Бишкек шаарында өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: