super.kg logo

Пригожиндин өлүмү: Рамзан Кадыров билдирүү жасады

 

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров кыйроого учураган бизнес учагынын бортунда болгон делген "Вагнердин" негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин элесине арнап коштошуу постун жарыялады.

Билдирүүсүндө Кадыров Пригожиндин атайын операцияга кошкон салымын белгиледи.

"Албетте, ал армияга чоң салым кошкон. Анын өлүмү бүтүндөй мамлекет үчүн чоң жоготуу. Мен Евгений Викторовичтин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Ал менден улуу болсо да, Грозныйга менин биринчи чакыруум менен келген. Аны менен каалаган теманы жана көйгөйдү талкуулай алчубуз. Ал ар дайым жардам берүүгө даяр болгон жана чын жүрөктөн жардам берген", - деп жазды Кадыров өзүнүн Telegram каналына.

Ошондой эле Кадыров Пригожинге Ливия жана Африка боюнча айрым маселелерди чечүүгө жардам бергенин кошумчалады. Сапарларынын биринде Пригожин Кадыровго "Вагнердин" атынан "Өзгөчө эмгеги үчүн" алтын медалын тапшырган.

23-августта Евгений Пригожинге таандык болгон учак Орусиянын Тверь облусунун аймагында кулаган. Бортто 10 адам, анын ичинде Евгений Пригожин өзү дагы болгону кабарланды. Борттогулардын бардыгы каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: