Сүрөтчү Жумабай Үмөтовдун 90 жылдыгына арналган көргөзмө-сынагы ачылды










Кыргызстандын эл сүрөтчүсү Жумабай Үмөтовдун 90 жылдык мааракесине арналган көргөзмө-сынагы ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, кечээ, 24-август күнү Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өлкөнүн эл сүрөтчүсү, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жумабай Үмөтовдун 90 жылдык мааракесине арналган “Салттуу мурас, жаңылануу жана ой-толгоолор” аталышындагы көркөм-колдонмо өнөрү жана көркөм-өнөр таануу боюнча көргөзмө-сынагынын ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Кыргызстандын сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Жакшыбек Жунушов, эл сүрөтчүлөрү Таалайбек Усубалиев жана Ишенбек Чаланов баштаган бир катар көрүнүктүү сүрөтчүлөр, маданият ишмерлери, Жумабай Үмөтовдун жакындары катышканы айтылат.
"Министрдин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев Жумабай Үмөтовдун таберик кылып калтырып кеткен көөнөрбөс эмгектерине кеңири токтолуп, анын 90 жылдыгына карата уюштурулган кароо-сынак мындан ары министрликтин колдоосу менен үч жылда бир өткөрүлүп турарын белгиледи.
Эске салсак, Жумабай Үмөтов атындагы көргөзмө сынагына 40ка жакын автордун 100гө чукул эмгеги коюлган.
Көргөзмө 24-августтан 10-октябрга чейин өткөрүлүп, жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен алдыңкы 3 номинация боюнча жеңүүчүлөр тандалып алынмакчы", - деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары, алдыңкы 7 орунга кызыктыруучу сыйлыктар берилери кабарланат.
Жумабай Үмөтов атындагы кароо-сынак буга чейин 2019-жылы өткөрүлүп, анда баш байгени Кыргыз эл сүрөтчүсү Ишенбек Чаланов жеңип алган.
Маалымат үчүн:
Жумабай Үмөтов Кыргыз элине 1970-1990-жылдары декоративдик-кол өнөрчүлүк искусствосу тармагында наватор катары таанылган. Ал эң алгачкы улуттук кесипкөй сүрөтчү жана көркөм кол өнөрчү болгон. Сүрөтчүнүн чыгармачылыгы өлкө ичинде гана эмес чет өлкөдө кеңири белгилүү.
Автор көбүнчө эмгектеринде жаратылыштын керемет кооздугун ачып берүүгө басым жасаган. Анын кийизден, чийден жасалган эмгектери өзүнүн көрктүүлүгү менен көрүүчүлөрдү өзүнө тартып турган.
Жумабай Үмөтов 1933-жылы Ысык-Көлдүн Ичке-Жергез айылында туулган.
Көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:16
2025-07-03

16:30
2025-07-03
15:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.