super.kg logo

"Вагнер" жалданма аскерлери Орусиянын армиясына кошула баштаганы айтылды

 

"Вагнер" жеке аскердик компаниясынын жалданма аскерлери Орусиянын армиясына кошулуп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын депутаты Александр Бородай билдиргенин орус басылмалары жазып чыкты.

"Мен бир гана нерсени билем. "Вагнерде" жакында кызмат өтөгөн адамдар азыр ыктыярдуу корпустун бөлүктөрүнө жана орус армиясына контракт түзүү үчүн барып жатышат. Мындай агым чоң", - деп билдирген Бородай.

Ошондой эле депутаттын айтымында, ал "Вагнер" компаниясы жана анын жетекчилиги тууралуу маалыматы жок.

Эске салсак, 23-августта Тверь облусунда "Вагнердин" негиздөөчүсү Пригожинге караштуу учак кулап түшкөн. Ичиндеги он адамдын баары каза болгон. Росавиация жүргүнчүлөрдүн тизмесинде Евгений Пригожин да болгонун жарыялаган.

Пригожиндин өлүмү тууралуу маалыматтардан кийин, АКШ президенти Жо Байден ага эмне болгону тууралуу так маалыматы жок болсо да, учактын Тверь облусунда кыйраганына таң калбасын билдирген.

Көп өтпөй Орусиянын президенти Владимир Путин Пригожинге таандык учактын кулашы тууралуу үн катып, аны эскерген. Путин каза болгондордун жакындарына кайгыруу менен көңүл айткан.

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров да Телеграм каналында кыйроого учураган бизнес учагынын бортунда болгон делген Пригожиндин элесине арнап коштошуу постун жарыялаган.

Кечээ Украинанын президенти Володимир Зеленський "Вагнердин" негиздөөчүсү Евгений Пригожинге таандык учактын кыйрашына Киевдин тиешеси жок экенин маалымдаган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: