super.kg logo

Сокулук РИИБинде башына уксус куюлган баштык кийгизилгенин айткандарга милиция жооп берди

 

Сокулук районундагы милиция бөлүмүндө кыйноого алынганын айткан жарандар боюнча Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы үн катты.

Облустук милициянын билдиришинче бул маалымат чындыкка дал келбейт.

"Сокулук райондук ички иштер бөлүмүндө милиция кызматкерлери тарабынан кармалгандарга карата физикалык кысымдар көрсөтүлүп, ур-токмокко алынган деген билдирүү чындыкка дал келбейт. Кеп 1990-жылы туулган К.Ж. аттуу жарандын Сокулук районунун Чат-Көл айылында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн окуясына шектелип жаткан 1988-жылы туулган Р.Ю., 1993-жылы туулган Р.Д. жана 1965-жылы туулган Д.А. аттуу жарандар жөнүндө болуп жатат.
Бул жарандардын жогорудагы оор кылмышка катышы бар экендиги тергөөнүн жүрүшүндө алынган буюм далилдер жана башка иш материалдары менен тастыкталган.
Ошол себептен айыпталуучулардын милиция кызматкерлери тарабынан физикалык же моралдык кысым көрсөтүү жолу менен күнөөнү моюнга алдырды деген билдирүүлөрү - бул коомчулукту адаштырууга жана алардын жасаган кылмыштын жоопкерчилигинен качуу аракети болуп эсептелет", - деп билдиришти облустук милициядан.
Ошондой эле Чүй ОИИББи учурда бул боюнча тергөө иштери уланып жатканын кошумчалады.
Буга чейин Кыйноолордун алдын алуу улуттук борбору Сокулуктагы милиция бөлүмүндө үч адам кыйноого кабылганын айтып чыкканын билдирген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: