super.kg logo
  Саясат  

Берлинде тышкы иштер министри Германиянын мамлекеттик катчысы менен жолугушту

 

Кечээ, 24-августта тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Берлинде Германиянын мамлекеттик катчысы, Федералдык президенттин администрациясынын жетекчиси Дёрте Дингер менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө маектештер Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин ушул жылдын 22-23-июнунда Кыргызстанга болгон расмий сапарынын жыйынтыктарын эске алуу менен өз ара аракеттенүүнүн бардык чөйрөлөрүндө Кыргыз-герман кызматташтыгынын маселелерин талкуулашты.

"Германиянын Федералдык президентинин сапары кызматташтыкты мындан ары чыңдоодо маанилүү роль ойноду. Мамлекет башчыларынын ортосунда жеке байланыштар түзүлдү, бул биздин мамилелерди өнүктүрүү үчүн абдан маанилүү. Биз Германия менен бардык багыттар боюнча мындан ары да активдүү байланыштарды чыңдоого ниеттенебиз", - деди Кулубаев баш сөзүндө.

Мамлекеттик катчы Дёрте Дингер да Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин Кыргызстанга болгон сапарына оң баа берип, германиялык тараптын кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

"Тараптар Евробирликтин Борбордук Азия боюнча Стратегиясы жана "Жашыл Борбордук Азия" демилгесинин, ошондой эле айлана-чөйрөнү жана экологияны сактоого багытталган башка долбоорлордун алкагында мындан аркы иштердин маанилүүлүгүн белгилешти", - деп жазылат маалыматта.

Өз кезегинде Жээнбек Кулубаев Германиянын Европа бирлигиндеги маанилүү ролун жана эки өлкөнүн ортосундагы ийгиликтүү өз ара аракеттенүүнү белгиледи. Ал ошондой эле өлкөнүн тышкы карызынын ордуна реструктуризациялоо боюнча Германиянын инвестициясын тартуу үчүн "жашыл" долбоорлорду жана экономиканын келечектүү тармактарын ишке ашыруунун ордуна президенттин демилгесине токтолгону айтылат.

Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө Борбордук Азиядагы аймактык кызматташтык, эл аралык күн тартибиндеги негизги маселелер жана эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү боюнча кеңири пикир алмашуу болгон.

"Министр Германиянын Тышкы иштер министри менен кол коюлган өлкөнүн Министрлер кабинети менен Германия Федеративдүү республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча биргелешкен ниет тууралуу билдирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи", - деп жазылат анда.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз-герман мамилелерин мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү максатында эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогду жогорку деңгээлде улантууга даяр экендиктерин билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: