super.kg logo

АКШ бийлиги Илон Масктын SpaceX компаниясын сотко берди

 

АКШнын Юстиция министрлиги белгилүү ишкер Илон Масктын SpaceX компаниясын сотко берди. Бул тууралуу аталган министрликтин расмий сайтында жарыяланды.

Маалым болгондой, министрликтин мындай аракетине Масктын компаниясынын жумушка орноштурууда качкындарды дискриминация кылышы себеп болгон.

Арызда SpaceX компаниясы 2018-жылдын сентябрынан 2022-жылдын май айына чейин АКШдан башпаанек сурап кайрылган же качкын болгондорго жумушка орноштуруудан баш тартып, иммиграция статусунан улам жумушка албаганы көрсөтүлгөн. Компания жумуш тизмесине Green сard ээлери жана АКШ жарандары гана иштей алат деп жалган маалымат тараткан.

Башкармалык бул иммиграция жана жарандык мыйзамдарды бузуу экенин белгилеген.

Ошондой эле Юстиция министрлиги Кошмо Штаттарда качкын макамын алган бардык адамдар өкмөт тарабынан кылдат текшерилерин жана жумуш берүүчүлөр аларды ишке алууда басмырлоого болбой турганын кошумчалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: