"Кесип салууга туура келет". Сузакта жүгөрү терип жаткан 13 жаштагы кыздын бутун трактордун косилкасы алып кетти
Сузакта жүгөрү терип жаткан 13 жаштагы кыздын бутун трактордун косилкасы алып кетти. Окуя 23-августта орун алган.
Анда ал ата-энеси менен талаада жүгөрү терип жүргөн учурда жакын жердеги трактордун косилкасы кокусунан кыздын бутун кызыл ашыгына чейин кесип кеткен.
Учурда өспүрүм кыз облустук ооруканада. Ага буга чейин операция жасалган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук оорукананын директорунун орун басары Гүлбарчын Рахманова билдирди.
"23-август күнү Оштон дарыгер чакыртылып, кызга операция жасалган. Анда анын буту уланып, тигилген. Тилекке каршы, бутунун эти бири-бирине кармалбай, ал гангрена боло баштаган. Бүгүн бутун кесип салууга туура келет", - дейт Рахманова.
Ал арада Жалал-Абад облустук милициясы аталган факты "кокустук" беренеси менен каттоого алынып, текшерүү иштери башталганын билдирди. Ал эми кыздын кыздын атасы эч кимге арыз доосу жоктугун бидирип, соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан.

