super.kg logo

Бишкекте 213 миң сомдук велосипедди уурдоого шектелген жаран кармалды

 

Бишкекте 213 миң сомдук тоо велосипедин уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-август күнү милицияга Орусиянын Х.Д аттуу жараны кайрылып, анын 213 миң сомдук тоо велосипедин уурдап кетишкенин билдирген. Окуя саат 11:50 чамасында Байтик Баатыр жана Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги соода борборлорунун биринин жанында болгонун айткан.

"Аталган факты боюнча милиция кызматкерлери Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш ишин козгоду. Шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон 1985-жылы туулган А.Б кармалды", - деп жазылат маалыматта.

Кармалган жаран Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кийин анын башка велосипеддерди уурдоого да тиешеси бар экени белгилүү болду.

"Шектүүнүн аракеттеринен жабыркагандар же кандайдыр бир маалыматы барлар 0702 00 33 30 же 102 телефондору аркылуу кабарлап коюуну суранабыз", - деп жазылат анда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: