super.kg logo

Президент Ысык-Көлдө өзгөчө шыктуу балдардын "Акылман" лицейин ачты

 

Бүгүн, 25-августта президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында "Акылман” президенттик лицейин расмий түрдө ачты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Салтанаттуу аземдин жүрүшүндө, мамлекет башчы өлкө аймагындагы таланттуу балдарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү мамлекеттин негизги милдети, башкы саясаты катары санала турганын айтты.

"Мамлекет камкордукка алып, атайын лицей уюштуруу менен мындай балдардын акыл-ой чабыттарын ачуу, өзгөчө ыкмаларды колдонуу аркылуу андан ары өркүндөтүү жалпы билим берүү тармагына эле эмес, өлкөбүздүн өнүгүшүнө, келечек муундун туура багытта тарбияланышына баа жеткис салым болот деп эсептеймин. Өлкөбүздүн булуң-бурчунда байкалбай жүргөн, катылып жаткан зээндүү балдарды таап, өзгөчө камкордукка алууну колго алсак, мамлекетибиздин жаркын келечеги камсыздалат десек да жарашат.

Биз ар дайым “Балдар – биздин келечегибиз!” деп айтып келебиз. Эми айтып эле тим болбой, “Акылман” лицейин түптөп, алдыга коюлган максатын ишке ашыруу менен жалпы мектептерде ар бир окуучунун талантын ачууга, алардын катарынын көбөйүшүнө өбөлгө бололу деген ниетте турабыз. Бул максатта мектеп окуучулары арасында ар кандай кароо-сынактарды, билимин аныктоочу олимпиадаларды системдүү түрдө уюштуруп туруу негизги иш-чарага айланышы зарыл", - деди Жапаров.

Президент белгилегендей, ааламдашуу доорунда ар бир бала уникалдуу.

Белгилей кетсек, “Акылман” президенттик лицейи бүткүл өлкө боюнча өзгөчө шыктуу балдарды окутуунун жана тарбиялоонун бирдиктүү системасын түзүү, таланттуу жаштарды андан ары колдоо жана сыйлоо, өлкөдө интеллектуалдык жактан өнүккөн муунду калыптандыруу максатында түзүлдү.

Долбоорго ылайык, лицейге бардык аймактардан окуучуларды кабыл алуу жыл сайын өткөрүлүүчү сынактык тандоонун жыйынтыгы боюнча эки этап менен жүргүзүлөт:

I этап – тестирлөөгө катышуу үчүн тапшырылган окуучулардын документтерин баалоо;

II этап – тестирлөөгө катышуу жана тестирлөөдө алган баллдардын рейтинги боюнча жана белгиленген кабыл алуу квотасына ылайык окуучуларды тандоо жүргүзүү.

Ар бир класстагы окуучулардын саны 24төн ашпоого тийиш.

Лицейде окутуу – акысыз, лицейге башка аймактан келген окуучулар интернатта бекер жашоого жана тамактанууга укуктуу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: