Эгемендүүлүк күнүндө Бишкекте кандай иш-чаралар өтөт? Тизме
Эгемендүүлүк күнүндө Бишкекте кандай иш-чаралар өтө турганы маалым болду. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта борбор калаанын мэриясы билдирүү таратты.
Маалым болгондой, 31-августта кечки саат 19:00дө борбордук "Ала-Тоо" аянтында эстрада жылдыздарынын катышуусу менен майрамдык концерт өткөрүлөт. Ошондой эле Бишкектин райондорунда бир нече маданий жана спорттук иш-чаралар уюштурулат.
Ленин району
31-августта саат 10:00дө "Ак-Өргө", "Арча-Бешик" жаңы конуштарында, Ю. Фучик атындагы сейил багында аркан тартыш, ордо, тогуз-коргоол, шашки түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлөт.
Октябрь району
31-августта саат 10:00дө "Ден соолук" сейил багында кичи футбол, волейбол, балдардын жеңил атлетикасы, стритбол, эстафета, ордо, аркан тартыш, таяк тартыш, тогуз коргоол боюнча мелдештер уюштурулат.
Дайыр Асанов атындагы паркында – эстафета, аркан тартыш, таяк тартыш, ордо, тогуз-коргоол, шахмат түрлөрү боюнча мелдештер уюштурулат. Саат 18:00дө аталган сейил бакта тамактардын, музыканын жана суусундуктардын FOODFEST 2023 фестивалы өтөт.
Саат 15:00дө "Ынтымак-2" сейил багында кайрымдуулук жарманкеси өткөрүлөт (Хенд мейд, тасмаларды көргөзүү, толкинг клаб ж.б.)
Биринчи май району
29-августта саат 10:00дө Бишкек шаардык социалдык стационардык мекемесинде театралдашкан "Кыргыз жерим асыл мурасым" концерттик программасы уюштурулат.
31-августта (болжол менен саат 14:00) Кайназарова жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде кичи концерттик программанын коштоосунда балдар аянтчасынын ачылышы пландалууда.
Саат 12:00дө "Коломто" муниципалдык мекемесинде майрамдык түшкү тамак уюштурулат.
Саат 10:00дө "Калыс-Ордо", "Көлмө" жаңы конуштарында, "Жаштар" сейил багында ордо, шахмат, аркан тартыш, тогуз коргоол, үстөл тенниси боюнча мелдештер өткөрүлөт.
Свердлов району
30-август күнү саат 10:00дөн 13:00гө чейин "Каражыгач" сейил багында майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Парктын аймагы шарттуу түрдө 5 зонага бөлүнөт. Анда бир убакытта майрамдык жана көңүл ачуучу иш-чаралар уюштурулат. Чыгармачылык зонасында асфальтка, мольбертке сүрөт тартуу боюнча ар кандай мастер-класстар менен коштолот.
Спорт зонасы спорттук талаада спорттун 5 түрү боюнча спорттук мелдештер өткөрүлөт. Оюн-зоок зонасын уюштуруу үчүн батут орнотулуп, балдар поезди, балдар үчүн автоунаалар каттайт, самокаттарды жана велосипеддерди ижарага алуу уюштурулат.
Маданият зонасында чыгармачыл топтордун майрамдык концерти өтөт. Фуд-корт зонасында конокторго тамак-аш уюштуруу үчүн фуд-корт орнотулуп, балмуздак жана улуттук суусундуктар сатылат. Бардык балдарга балмуздак жана сергитүүчү суусундуктар таратылат.
31-августта саат 10:00дө № 11 Орто мектептин базасында, "Каражыгач" багында, "Энесай" жаны конушунда, "Учкун" кичи районунда тогуз коргоол, эстафета, аркан тартыш, ордо, таяк тартыш, кичи футбол, үстөл тенниси боюнча мелдештер өткөрүлөт.

