super.kg logo

Ошто үйүн камсыздандырган 20 жаранга 3,2 миллион сом кенемте төлөндү

 

Ошто үйүн камсыздандырган 20 жаранга кенемте төлөндү. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан Ош шаарында табигый жана өрт кырсыгынан жабыркаган 20 жаранга чыгымдардын ордун толтуруу максатында 3 миллион 296 миң 595 сом кайтарымсыз акча каражаты төлөнүп берилди.

"24-июлда Ош шаарынын Жапалак айыл өкмөтүнүн Орке айылынын тургуну Дастанбек Жакыповдун үйү өрттөнүп кеткен. Ага өз турак жайын камсыздандырганы үчүн 400 миң сом акча каражаты тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.

Ага байланыштуу Ырысбек Пиримкулов аттуу жаран лизингке алган ХОВО автоунаасын камсыздандырган. Жол кырсыгына кабылгандыктан 95 миң сом кайтарымсыз акча каражаты бөлүнүп берилди.

Белгилей кетсек, шаар боюнча жалпы 23 миң 490 турак жай камсыздандырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: