"Ай-Кью" мекемесинин бүтүрүүчүлөрүнүн ЖОЖго тапшыруусу боюнча министрлик жооп берди
Бүгүн, 25-августта “Ай Кью” окуу-тарбия комплексинин 84 бүтүрүүчүсүнүн жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына тапшыруусу боюнча Билим берүү жана илим министрлигинен маалымат беришти.
Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору маалымдагандай, “экстернат” программасы боюнча окуган 84 баланын ичинен жалпы республикалык тесттен 35 окуучу гана босого балл 110дон жогору алган. Аталган мекеменин бүтүрүүчүлөрүнө 2-августта жалпы орто билими жөнүндө аттестаттар берилген.
Кечээ Токмоктогу "Ай Кью" жеке мектебинин быйылкы 84 бүтүрүүчүсү аттестатын убагында албай калгандыктан өзүлөрү тандаган жогорку окуу жайына өтүүдө кыйынчылыкка туш болуп жатышканы боюнча маалымат тараган. Анда бүтүрүүчүлөр ЖОЖдорго жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча документтерин тапшырышкан. Бирок аттестаты жок болгондуктан аларды окуу жайына каттабай коюшкан.
Кийин алардын ата-энелери бүтүрүүчүлөр эки турдан тең өтүшкөнүн, бирок алар көздөгөн орундар аттестаты жоктугунан жоюлуп кеткенин билдиришкен.
Эске салсак, быйыл жогорку окуу жайларына тапшыруу 5 тур өткөрүлгөн. Акыркы тур 14-августтан 19-августка чейин уланган.
Буга чейин "Ай Кью" жеке менчик мектебинин бул жылдагы 84 бүтүрүүчүсү аттестат ала албай жатканы айтылган. Билим берүү министринин орун басары Токтобүбү Ашимбаева аталган мектеп 84 окуучуну эч кандай лицензиясы жок эле окутуп келгенин билдирген.
2-августта болсо Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Ай Кью" мектебинин бүтүрүүчүлөрүнө аттестат берүү тапшырмасын берген.
