Кыргыз-казак чек арасындагы кезек: Салык кызматы айдоочуларга ысык тамак уюштурду











Мамлекеттик салык кызматы кыргыз-казак чек арасында кыйын абалда калган оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын колдоо акциясын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта аталган мекемеден билдиришти.
Кабарлангандай, бул демилгенин алкагында 300дөн ашык айдоочуга ысык тамак жана ичүүчү суу таратылды.
Салык кызматы чек арадан оор жүк ташуучу унааларды өткөрүү абалы турукташканга чейин мындай колдоо акцияларын өткөрүүнү улантуу ниетин билдирди.
Эске салсак, 21-августта “Ак-Тилек авто жол” өткөрүү жайы алдында жүк ташуучу унаалардын топтолушу катталган.
Ошондой эле 22-августта Чүй облусунда “Ак-Тилек-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайынын алдында жардам көрсөтүү жай катары чатырлар тигилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:28
2025-07-03

9:37
2025-07-03
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.