super.kg logo

ИИМ салмагы 69 тонна болгон алюминийди сатты

 

Бүгүн, 25-августта Ички иштер министрлигинин “Унаа” мамлекеттик мекемеси тарабынан колдонулган жана жокко чыгарылган мамлекеттик номерлерди сатуу боюнча ачык аукцион өткөрүлдү.

Аукциондун алкагында 2022-жылдын май айынан 2023-жылдын май айына чейин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин 32 аймактык бөлүмдөрүндө топтолгон жалпы салмагы 69 тонна 30 килограмм жокко чыгарылган жана колдонулган мамлекеттик белгилердин алюминий сыныктары сатыкка коюлган.
Алюминий сыныгынын килограммынын баштапкы баасы 99 сом болсо, аукциондун жүрүшүндө баасы 1 сом 98 тыйынга көтөрүлүп, 100 сом 98 тыйынды түздү.
Аукциондун жыйынтыгы менен 6 миллион 970 миң 649 сомго алюминий сыныктарын сатып алган аукциондун жеңүүчүсү аныкталды.
Аукциондон түшкөн каражат мамлекеттик бюджетке которулат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: