super.kg logo

ММА боюнча улуттук курама команда Азия чемпиондугунан кайтып келишти

 

ММА боюнча улуттук курама команда Азия чемпиондугунан кайтып келишти. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.

Ага ылайык, 24-августта Таиланддын Бангкок шаарында өткөн ММА боюнча Азия чемпиондугунун жеңүүчүлөрү Бишкекке кайтып келди.
Спортчуларды “Ак-Жол” өткөрмө пунктунан Дене тарбия жана спорт департаментинин Спорттогу жогорку жетишкендиктер бөлүмүнүн башчысы Тилекмат Абдрахманов, Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Эркинбек Умөталиев жана мушкерлердин жакындары тосуп алышты.
"Азия чемпиондугунун алкагында А-ММА боюнча беттештер 18-20-август күндөрү өттү. Кыргызстандын курама командасы жалпысынан 4 медаль (2 алтын, 1 күмүш, 1 коло) жеңди.
65 килограммга чейинки салмак категориясында Адилет Алимбай уулу жана 70 килограммга чейинки салмакта Айжигит Эркебай уулу алтын медаль тагынды. 93 килограмм салмакта Манас Темирбек уулу күмүш медалга ээ болду.

Ошондой эле 70 килограммга чейинки салмакта Шергазы Сакыбаев коло медаль тагынды"
, - деп жазылат анда.
ММА боюнча улуттук курама команда машыктыруучу Байыш Ашымовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышканы айтылат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: