"Дээрлик үч эсе арзан". Окуучуларга арналган "Тулпар" мектеп картасын кантип алса болот?
Бишкек мэриясы жаңы окуу жылы жакындап калгандыгына байланыштуу коомдук транспортто накталай эмес төлөм аткарууга арналган "Тулпар" транспорттук карталарынын мектеп жашыл картасын кантип алуу керектиги тууралуу маалымат берди.
Маалыматка караганда, картаны алуу үчүн www.tulpar-card.kg веб-сайтында арыз калтыруу керек. Андан кийин бардык талааларды толтуруп, 3х4 форматында окуучунун сүрөтүн, ошондой эле электрондук форматта окуган жеринен маалым кат алып жүктөө керек.
Бардык талаалар туура толтурулганда, өтүнмө адистер тарабынан бир нече күндүн ичинде каралат. Тулпар картасы төрт тейлөө борборунда берилет.
Тейлөө борборлорунун даректери:
Октябрь району -Байтик Баатыр проспекти, 17 (Октябрь акимиаты)
Ленин району -Чүй проспекти, 315 (Ленин акимиаты)
Свердлов району -Чүй проспекти, 28 (Свердлов акимиаты)
Биринчи май району -Жибек Жолу проспекти, 495.(Биринчи май району боюнча социалдык өнүктүрүү башкармалыгы)
Картаны алгандан кийин "жол кире" опциясын туташтыра аласыз. Ал үчүн "Тулпар" мобилдик тиркемесин жүктөп алып катталып, жеке кабинетиңизге картаны байлап, балансты толуктап, "жол кире" бөлүмүнөн жол кире сатып алуу керек. Мектеп окуучулары үчүн бир айлык жол кире 240 сомду түзөт.
"Ошондой эле, каалоочулар шаардык мектептердин администрациясы аркылуу арыз бере алышат. Окуучулар үчүн стандарттуу көк карталар да бар. Алар эч кандай чектөөсүз эркин сатылууда", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, транспорттук карталардын 3 категориясы бар.
Стандарттык көк карта. Бардыгы сатып ала алат. Картанын баасы 50 сом, баланста бир жол жүрүү каралган. Электрондук билетти бир айга 680 сомго туташтырууга мүмкүндүк берет. Картаны уюлдук операторлордун кеңселеринен, почта бөлүмдөрүнөн, “Тулпар” тейлөө борборлорунан, ошондой эле троллейбус, автобус айдоочуларынан сатып алууга болот. Соода түйүндөрүнүн толук тизмеси менен шилтеме аркылуу таанышсаңыз болот.
Мектеп жашыл картасы. Борбор калаадагы мектеп окуучуларына жеткиликтүү. Мектеп картасын алуу үчүн www.tulpar-card.kg сайтына арыз калтырууңуз керек. Электрондук билетти бир айга 240 сомго туташтырууга болот.
Кызыл түстөгү жеңилдетилген карта. Ал Бишкек шаарында каттоодо турган пенсионерлерге жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, ошондой эле "Кыргызпочтасынын" нөөмөттөгү почтальондоруна бекер берилет. Кызыл карта муниципалдык коомдук транспортто бекер жүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Балансты кантип толтуруу керек?
Балансты терминалдардан, төлөм системалары аркылуу жана "Кыргызпочтасы" ААК филиалдарынан толуктасаңыз болот. Толук тизме менен https://www.tulpar-card.kg/about/pay/ шилтемеси аркылуу таанышыңыз.
Балансты кантип көзөмөлдөө керек?
Ал үчүн Tulpar мобилдик тиркемесин жүктөп алып, катталып, картаны байланыштырыш керек. Колдонмо iOS жана Android түзмөктөрүндө жеткиликтүү.

