super.kg logo

Дмитрий Песков Пригожиндин каза болгону тууралуу божомолдорго жооп берди

 

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Тверь аймагында "Вагнер" жалданма аскер тобунун негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин каза болгондугун билдирген жеке учактын кыйрашына байланыштуу бир топ божомолдордун айтылгандыгын билдирди.

Песков борбор шаар Москвада күн тартиби тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Ошондой эле ал Пригожиндин өлүмүнө Кремлдин тиешеси бар деген Батыш маалымат каражаттарынын билдирүүлөрүнө жооп кайтарган.

"Албетте, бул учак кырсыгы жана жүргүнчүлөрдүн, анын ичинде Пригожиндин трагедиялуу өлүмү боюнча көптөгөн божомолдор бар",- деп жооп берди ал.

Песков окуя тууралуу Батышта жалган маалымат берилгендигин айтты.

"Батышта бул божомолдордун бардыгы белгилүү бир көз караш боюнча билдирилген. Булардын баары жалган. Бул маселени чечүүдө фактыларга гана таянуу керек”, - деди ал.

Песков Орусиянын президенти Владимир Путиндин окуя боюнча иликтөө башталганын жарыялаганын эске салды.

"Азырынча расмий жыйынтык жок. Натыйжалар даяр болгондо жарыяланат”,- деп билдирди.

Песков Путиндин акыркы убакта Пригожин менен эч кандай сүйлөшпөгөндүгүн, жаназа зыйнатына катышаары азырынча белгисиз экенин айтты.

Эске салсак, 23-августта Тверь облусунда "Вагнердин" негиздөөчүсү Пригожинге караштуу учак кулап түшкөн. Ичиндеги он адамдын баары каза болгон. Росавиация жүргүнчүлөрдүн тизмесинде Евгений Пригожин да болгонун жарыялаган. Ошондой эле "Вагнер" жеке аскер компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин денеси Твердеги өлүкканадан таанылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: