Ошто Дүйнө чемпиондугунан күмүш байге алган Жантөрөнү салтанаттуу тосуп алышты




"Ош" эл аралык аэропортунда грек-рим күрөшү боюнча 20 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпиондугунун күмүш байге ээси Жантөрө Мирзалиев салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Ош мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, ага Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров, машыктыруучулар, спортчулар жана жакындары катышып, күмүш медал ээсин куттуктап, ийгиликтерди каалашты.
Белгилей кетсек, бир күн мурун Жантөрө Мирзалиев Иорданиянын борбору Амман шаарында өткөн 60 килограммга чейинки салмак ченинде Дүйнө чемпиондугунда 2-орунду ээлеген. Спортчу Украина, АКШ жана Казакстан өлкөлөрүнөн катышкан атаандаштарын жеңип, финалдык беттеште ирандык спортчуга жеңилип калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.