super.kg logo

Швейцария оогандыктарга атайын паспорт берет

 

Швейцария өлкөдө жашаган, жарактуу расмий документи жок жана “мекенсиз” деп эсептелген оогандыктарга атайын паспорт берет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалымдалгандай, Швейцариянын Миграция боюнча мамлекеттик катчылыгынын (SEM) басма сөз катчысы Даниел Бах өлкөдө жарактуу расмий документи жок жашаган оогандыктарга Швейцариянын атайын паспортун (жашыл паспорт) алуу укугун берерин билдирди.

Бах бул паспортту алган оогандыктардын көптөгөн өлкөлөргө бара ала тургандыгын айтты.

Миграция катчылыгы муну июль айында оогандыктардын өлкөлөрүнөн документ алууларынын мүмкүн эмес экендигин жана ушул себептен "мекенсиз" болуп эсептелүүсү керектигин белгилеген сот чечиминен кийин баштады.

Бул чечимге 24 жаштагы оогандык Фарид Абделхактын Швейцариядан чыгышына эч кандай уруксатын берилбей тургандыгын кабыл албашы себеп болду.

7 жылдан бери Швейцарияда жашаган жана жашоого уруксаты бар Абделхак Талибандын 2021-жылы башкарууну колго алышынан кийин өлкөсүнөн талап кылган документтерди ала албашынан улам саякатка чыга албай жатат.

Абделхак 2021-жылдан тарта бир канча жолу Женевадагы Ооганстан элчилигине паспорт алуу үчүн баргандыгын бирок аны алууга мүмкүн болбогондугун билдирди.

"Ушул себептен саякатка чыгуу документтери жана паспорт үчүн Швейцариянын Миграция боюнча мамлекеттик катчылыгына кайрылып, бирок кайрылуусу четке кагылган Абделхак сот ишин баштатты.

Федералдык башкаруу соту Абделхакка жашыл паспорттун берилиши тууралуу чечим чыгарды. Абделхактын швейцариялык адвокаты Сандра Гислер чечимдин бурулуш жери болгондугун айтты.

Ушундай абалдагы оогандыктардын чет элдиктерге берилүүчү атайын жашыл паспорт ала алары да белгиленди", - деп айтылат маалыматта.

Швейцарияда жашаган 30 миңден ашуун оогандыктардын өз өлкөсүнөн документ ала албай жана саякатка чыга албай калуу сыяктуу маселелерге туш болгону белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.08.2023. 08:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дин бул кыздарга азап гана тартуулайт. Динчил талибтер кыздардын бети башын хиджабка мажбурлап тумчулап, чумкоп жашоолорун тозоко айлантышты. Дегеле кыздардын бети башын хиджабка тумчулоо алардын жашоодогу эч бир көйгөйүн, түйшүгүн чечип бербейт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: