super.kg logo

ЖКККББнын башкы инспектору пара менен кармалды

 

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башкы инспектору кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, УКМК пара талап кылуу фактысы боюнча ИИМдин ЖКККББнын каттоо-лицензиялоо бөлүмүнүн ага инспектору, милициянын ага лейтенанты К.А.К. кармашты.

Ага ылайык, 9-августта Орусиянын жараны А.С.Е. жеке айдоочулук мектебинин инструктору менен практикалык айдоо сабагы учурунда башкы инспектор К.А.К. тарабынан опузалап акча талап кылынган.

"Жол эрежесин бузгандыгы үчүн негизсиз айыптоо аркылуу, ошондой эле мүмкүнчүлүктөн ажыратам деп коркутуу жана айдоочулук күбөлүктү алууга тоскоолдук кылуу жолу менен, К.А.К. жабырлануучудан 10 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алган", - деп айтылат маалыматта.

Маалымдалгандай, 24-августта Кылмыш-Жаза кодексинин 343-беренесинин 1-пункту боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында, мурда пара катары 10 миң сом өлчөмүндөгү алган акча каражатын кайра кайтарып берип жаткан учурунда ага инспектор К.А.К. кармалды жана УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган кылмыш иши боюнча жүргүзүлүп жаткан тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: