super.kg logo
  Саясат  

Кулубаев БУУнун Башкы катчысынын БА боюнча жаңы дайындалган өкүлүн кабыл алды

 

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Борбор Азия мамлекеттери боюнча иш сапарынын алкагында Бишкекке келген Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын Борбордук Азия боюнча жаңы дайындалган атайын өкүлү – БУУнун Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борборунун башчысы Каха Имнадзени кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта ТИМден билдиришти.

Маалым болгондой, жолугушууда Кулубаев Имнадзени жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, Аймактык борбордун демилгелери жана жигердүү иши аймактын мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо максатына кызмат кылат деген ишенимин билдирди.

"Тараптар Аймактык борбор менен Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы кызматташуу маселелерин, атап айтканда, терроризмге жана баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү, суу-энергетикалык ресурстарды адилеттүү пайдалануу, ошондой эле Ооганстандагы кырдаалды талкуулашты. Министр Жээбек Кулубаев БУУнун Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча Аймактык борборун алдын алуу иш-чаралары жана коопсуздук чакырыктарына жана коркунучтарына натыйжалуу жооп кайтарууда Борбор Азия өлкөлөрүнө көмөк көрсөтүү боюнча өзүнүн мандатына ылайык жигердүү роль ойноого чакырды", - деп айтылды маалыматта.

Ага ылайык, Имнадзе Регионалдык борбор менен Кыргызстандын ортосундагы узак мөөнөттүү кызматташууну, өлкөнүн Борбордун бардык демилгелерин колдоорун, ошондой эле Кыргызстандын Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы диалог аянтчаларынын ишине активдүү катышуусун оң баалады.

Ошондой эле Имнадзе Борбор Азия мамлекеттеринин гүлдөп-өнүгүшүнө салым кошууга даяр экенин билдирип, министр Кулубаевге Борбор Азиядагы миссиясын ишке ашырууда ийгиликтерди каалаганы үчүн ыраазычылык билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: