super.kg logo

"Абалы оор". Орусияда полиция кызматкерлери Кыргыз жаранын кармоо учурунда ага ок чыгарышты

 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги социалдык тармактарда тарап жаткан Хабаровск шаарында Кыргызстандан барган эмгек мигрантын кармоо учурунда полиция кызматкерлери ок чыгарган видео боюнча маалымат берди. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта ТИМден билдиришти.

Маалымдалгандай, 24-августта Хабаровск шаарындагы автобекеттин аймагында рейд учурунда Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан 2003-жылы туулган Кыргыз жараны С.Р.нын уруксат кагаздарын текшерүүгө аракет кылган учурда, кыргызстандык жаран унаасы менен качып кетүүгө аракет кылып, укук коргоо органынын кызматкерин сүзүп кеткен. Аталган жарандын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюу максатында курал колдонулуп, натыйжада С.Р. октон жаракат алып, камакка алынган. Азыркы учурда С.Р. оор абалда ооруканада жатат.

Ага ылайык, аталган факты боюнча Орусиянын Тергөө комитетинин Хабаровск аймагы боюнча тергөө органдары тарабынан Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 317-беренесинин (укук коргоо органынын кызматкеринин өмүрүнө кол салуу) негизинде кылмыш иши козголду. Кармалган адамга карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандоо маселеси чечилүүдө.

"Кыргызстандын Орусиядагы Элчилигинин Владивосток шаарындагы кеңсеси жана Кыргызстандын Хабаровск шаарындагы ардактуу консулу консулдук-укуктук жардам көрсөтүү үчүн С.Р.нын жакындары менен байланыш түзүштү.

Министрлик мындай терс көрүнүштөргө жол бербөө максатында чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз жарандарынын көңүлүн дагы бир жолу келген мамлекеттин мыйзамдарын так сактоо зарылчылыгына бурат", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.08.2023. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жака эле келе бергилечи, бул жактан деле тапса болот ошо акчан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: