"Үмүт-Надежда" реабилитациялык борборунун директору Карла-Мария Шелике каза болду
Үмүт-Надежда реабилитациялык борборунун директору Карла-Мария Шелике каза болду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоодогу салымы алардын жүрөктөрүндө түбөлүккө сакталып калган адам дүйнөдөн кайтты.
Мындан тышкары министрлик Карла-Мария Шелике мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борбордун түзүүчүсү жана жетекчиси экенин эске салды.
"Карла Мария ар бир бала өзүнүн физикалык же психологиялык кыйынчылыктарына карабастан өнүгүү үчүн бирдей мүмкүнчүлүккө татыктуу деп эсептейт. 1989-жылы “Үмүт-Надежда” балдардын реабилитациялык борборун негиздеген. Ал өзү жана борбордун адистери балдар менен иштешип, аларга тоскоолдуктарды жеңүүгө, өнүгүүсүнө жана дараметин ачууга жардам берген. Бул борбор анын жашоосунун мааниси жана миссиясы болгон", - деп айтылат маалыматта.
SUPER.KG порталынын жалпы жамааты Карла-Мария Шеликенин туугандарына жана жакындарына анын мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат.


