super.kg logo

Флоридадагы ок чыгаруудан үч адам каза болду

 

Кечээ, 26-августта АКШнын Флорида штатындагы Джексонвилл шаарындагы Dollar General дүкөнүндө болгон ок чыгаруудан үч адам набыт болуп, кол салган адам өз жанын кыйганын жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү маалымат жыйынында билдирди.

"Үч адам каза болду. Кол салган адам расалык негизде болгон, тагыраагы ал караларды жек көргөн", - деди шаардын шерифи.

Маалымдалгандай, кол салган адам АR-15 мылтыгы жана тапанча менен куралданган. Ошондой эле андан тактикалык жилет да табылган. Андан эки эркек жана бир аял каза болгон. Аларды өлтүргөндөн кийин ок аткан адам өз жанын кыйган.

Кылмышкердин өздүгү азырынча белгисиз. Шерифтин айтымында, ал кандайдыр бир кылмыштуу топтун кызыкчылыгын көздөгөн деген жоромолдорго далил жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: